27.08.2018 11:05

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун камакта калуу мөөнөтү 28-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Бүгүн, 27-августта Биринчи май райондук сотунда Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселеси каралып, отурум ачык өттү. Ага экс-мэрдин 60 чакты тарапташтары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. 

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Ибраимовду 29-августка чейин  УКМКнын тергөө изоляторунда кармоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочусу бул боюнча жогорку инстанцияга арызданып, бирок, 30-июль күнү Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арызданган. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгилеген.

Бирок, 15-августта Жогорку Сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан. 

Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.